• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Муканова Нуруйпа Аалиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий