• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нуржигит Кадырбеков Бакай-Ата районундагы маданият мекемелери менен жеринен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда жайгашкан маданият мекемелери менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондогу маданият үйүндө куурчак ийримин ачуу, китеп сатуу жана аталган объектинин базасында конференц-зал куруу маселелери талкууланып, жалпы эмгек жамаат менен таанышты.

Мындан сырткары, министр Теодор Герцен атындагы музейде болду. Анда аталган музейдин экспонаттарын ар бирин экспертизадан өткөрүп, мамлекеттик тизмеге киргизүү жана идентификациялык номер алуу маселеси талкууланды. Аталган музейди буга чейин Ак-Дөбө айылдык кеңешинин балансынан Маданият министрлигинин балансына өткөрүү маселеси көтөрүлүп келген.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кадырбеков жергиликтүү маданият үйү жана китепкана кызматкерлеринин менен таанышып, жергиликтүү бийликтин чечими менен айлык маянанын токтоп калышы жана штаттык бирдиктерди кыскарып кеткендиги, жана аны чечүү жолдорун мекеме кызматкерлери менен талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий