• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуржигит Кадырбеков ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстанда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү караган 2021-жылга карата иш-чаралар планын талкуулашты.

Талкуу учурунда опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы, кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, жазуучу, котормочу Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы сыяктуу мааракелик иш-чараларга маани берилди.

Өз кезегинде Кадырбеков театрлардын жетекчилиги жогорудагы даталарды өткөрүүгө көмөктөшүүгө жана катышууга толук даяр экендигин билдирди.

Министрдин милдетин аткаруу ошондой эле мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий