• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нуржигит Кадырбеков туризм тармагына салым кошкон бизнес өкүлдөрүнө сыйлык тапшырды

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков пандемия учурунда ишмердүүлүгү үчүн жана туризм чөйрөсүнө зор салым кошкон бизнес өкүлдөргө Ардак грамота жана ыраазычылык каттар тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагындагы 10 туристтик объекттерге барган ички туристтерге "Кыргыз Республикасынын Ардактуу туристи" сертификаттары да тапшырылды.

Ал эми Туризм департаменти 2020-2021-жылдарга кышкы туристтик мезгилин расмий ачылышын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөн жана туризм тармагын илгерилетүүгө жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык сертификаттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий