• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

NYT: Ат үстүндө күрөш. Чүкө ойноо. Башсыз улак менен поло. Көчмөндөр оюндары башталсын!

Аналитика 0

Чолпон-Ата. Кыргызстан. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында полонун катаал түрүн ойногон Америкалык курама аталган спорттун түрү жакынкы күндөрү Олим оюндарынын түрүнө кирет деп эсептебейт.

Эмне үчүн?

“Биз өлгөн улак менен ойнойбуз”, - деп билдирди америкалык команданын капитаны Скотт А. Циммерман.

Өлгөн улак менен ойногон көк бөрү оюну бул айда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык спорттук жарышта эң башкы көзгө урунарлык нерсе болду.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында болгон башка негизги оюндардын катарына сөөктөрдү ыргытуу (чүкө ойноо, ордо – “Кабар” ред), бүркүттөр менен аңчылык, күрөштүн 17 түрү, анын ичинде атчандардын жылаңач дене менен күрөшүүсү, бул спортто көрүүчүлөр алсыз катышуучунун жерге кулап түшүшүн күтүп турат”.

Уюштуруучулар өзгөчө Борбордук Азия элдеринин көчмөн салттарын кайрадан жандандырууга үмүт артышууда, советтик жамаатташтыруу жана глобалдаштыруу себеби аркылуу жоголуп кетүү коркунучунда турган маданияттар.

Мелдештерге жогорку класстагы спортчулар катышкандыгына көңүл буруу керек, анткени спорттук иш-чараларга катышуу үчүн каттоодон өтүү кыйын болгон жок: интернет аркылуу каттоодон өткөндөрдүн бардыгы катыша алышты. Мисал үчүн, Чехия Республикасынын делегаттарынын чоң бөлүгү достордон турган, алар спорттун жеңил түрлөрүнө катышууну каалашкан.

Алар ордо же чүкө оюну тууралуу маалымат алышкан, анда сегиз оюнчу болуп, малдын сөөгү (чүкө) менен ойношот. (Оңой көрүнгөнү менен ойной келгенде бир кыйла татаал). Бирок алар машыгуу үчүн Чехия Республикасында керектүү болгон сөөктөрдү таба алышкан эмес.

Алар бул оюнду ойногонду кантип үйрөнүштү? Бир да байге утпаган чехтер жөн гана келип, бул оюнду ойноп көрүүнү чечишкендигин моюнга алышты.

Сыртта өткөн иш-чаралар укмуштуудай кооз эки жерде өткөрүлдү – бийик тоолуу көлдүн жээгинде атайын Көчмөндөр оюндары үчүн курулган ат майданда жана айланасы Тянь-Шандын аскалуу чокулары менен курчалган, тоолуу капчыгайда өттү, бул жерде 1000ден ашуун боз үй тигилген.

Жаачылар ат үстүндө өз өнөрлөрүн көрсөтүп, айлананын бардыгы очокто даярдалып жаткан эттин жыты менен жыттанып турду. Булардын бардыгы өтүп жаткан капчыгай өткөн доордо болгон лагерде жүргөндөй сезимдерди калтырды.

Коммунисттик башкаруунун алдындагы 72 жылдан кийин жана Советтер Союзу урагандан тарта Кыргызстан жана анын коңшулары дагы деле өздөрүн табууга аракет жасап жатышат.

Батыштан келген коноктордун саны салыштырмалуу көп эмес, бирок Көчмөндөр оюндары өлкөнүн ар кайсыл жеринен келген күйөрмандарды чогултту. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

Монголиянын (күрөң кийимчендер) жана Россиянын курамалары – “америка футболунан бир аз катаал” болгон көк бөрү оюнун ойноп жатышат”, -деди күйөрман. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

Көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү болду, анын бешөө жаа атууга арналган. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

“Биз тарыхый окшоштугубузду кайрадан жандандыргыбыз келип жатат”, - деди Кыргызстандын жаштар иштери жана спорт боюнча министри Канат Аманкулов.

Оюндар туристтерди жакырлашып кеткен, деңизге чыгуу жолу жок мусулман өлкөсүнө тартуу менен 6 миллионго жакын калкы бар Кыргызстан үчүн брэнд жаратууга багытталган.

Көчмөн салттарына болгон басым Кыргызстанды эбегейсиз түрк цивилизациясынын бөлүгү кылат. Ошондой эле ислам дининин ваххабит агымынынын өсүп жаткан күчүнө каршы турууга жардам берет.

Оюндар 2014-жылы жөнөкөй болуп башталып, ага 19 өлкөдөн 600гө жакын спортчу катышкан. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 74 өлкөдөн 1966 катышуучуну чогултту.

1500 бийчинин жана башка актёрлордун катышуусундагы чеберчилик менен уюштурулган ачылыш аземинде көчмөндөрдүн көз карашы менен дүйнөнүн жаралышы тууралуу миф көрсөтүлдү. Алгач жаңы жаралган жер, андан соң адам, аттар, боз үйлөр жана башка нерселерди жасаган көчмөндөр көрсөтүлдү. Көрсөтүү 10 миңге жакын киши толгон стадионду титиретти.

Катышуучулардын парадында көрсөтүлгөн командалардын кийимдери профессионалдуу да, импровизацияланган дагы болду. Немистер кара свитерлерди кийип чыгышты. Алардын арасында улуттук кийимдерин кийген баварлар да болду. Ал эми пакистандыктар салттуу жашыл өңдөгү моюн орогучтар жана жилеттери менен чыгышты.

Калган командалар жакын жердеги кафеден келгендей эле кийинип алышкан экен. Мисалы, Эстониянын желегин көтөрүп баскан адам ак футболка жана джинсы шым кийип алган.

Парадга Американын командасы 50 адамдын катышуусунда чыкты. Алардын көпчүлүгү Кыргызстанда иштеген дүйнө корпусунун ыктыярчылары болду. АКШнын көк бөрү боюнча командасы 10 оюнчунун 8и жашаган Вайомингдин байрагын көтөрүп чыгышты.

Жылаңач дене менен ат үстүндөгү күрөш, “эр эңиш” деген ат менен белгилүү. Сергей Пономарёв атайын The New York Times үчүн.

Цирктин артисти Аида Акматова жаанын жебесин буту менен атуу ыкмасын өзү ойлоп тапкан. Ал оюндарды “жашоомдогу негизги окуялардын бири” деп атады. Сергей Пономарёв атайын The New York Times үчүн.

1000 боз үйдөн турган лагерде эс алып жаткан эркектер жана бүркүттөр. Сергей Пономарёв атайын The New York Times үчүн.

Сүрөт Нью-Йорк Таймс

Оюндар кайсы бир нерсеси менен бири-бирине каршы келет. Сынчылар аны өткөрүүгө кеткен акчаны мектептерди салуу сыяктуу өлкөнү өнүктүрүүгө жумшаса болмок дешет. Бирок жергиликтүү катышуучулар иш-чарадан ырахат алышты.

Цирктин кызматкери, 32 жаштагы Аида Акматова буту менен жаа атуу боюнча өзүнүн ыкмасын ойлоп тапкан. Оюндарда ал ат үстүндө жаа атуу мелдешине катышты.

“Бул жөн эле катардагы оюнга катышуу эмес, менин жашоомдогу негизги окуялардын бири”, - деди ал. – Мен биздин маданиятты, каада-салттарыбызды кийинки муундарга өткөрүп берүүгө жардам бере алам”.

Дүйнөнүн калган бөлүгү Көчмөндөр оюндарынын кооздугуна суктанышты.

2016-жылы жалгыз ардактуу конок Голливуддун мурдагы жылдызы Стивен Сигал болгон. Бул жылы белгилүү жана ардактуу коноктордун катарында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан болду.

“Биз көчмөндөрдөн чыкканбыз, ошондуктан да биздин алакалар күчтүү жана бекем болушун калаайбыз”, - деп билдирди 28 жаштагы венгриялык темир уста Вермес Балаз. Ал үстүнө өзү ойлоп тапкан бугаарыдан жасалган кийим кийип алган. Онго жакын буга окшогон чабандестер Орбан мырзаны Көчмөндөр оюндарындагы ардактуу орундугуна чейин коштоп барышты.

Аркан үстүндөгү оюндар. Оюндардын уюштуруучулары көчмөн кадаа-салттарды жандандырууга үмүт артышууда, айрыкча Борбордук Азияда. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

Боз үйдө даярдалган эртең мененки тамак. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

Ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештерге катышкан Венгриялык спортчу. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан оюндарга катышууда. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

Батыштан келген коноктордун саны салыштырмалуу көп эмес болгон учурда оюндар бүтүндөй өлкөдөгү кыргыздарды өзүнө тартып жатты, алардын ичинде Бишкектен келген 27 жаштагы эсепчи Улан Субанов да бар. Ал көк бөрү боюнча анын өлкөсү жеңишке жеткен оюнду көрүү үчүн келген.

“Бул дүйнөдөгү эң коркунучтуу оюн, аны ойноо үчүн сиз эр жүрөк болушуңуз керек”, - деди Субанов. – Бул америка футболунан бир кыйла коркунучтуу”.

Орой, физикалык жактан татаал оюн аскерлерди салгылашууга даярдап, качандыр бир убакта Вест-Пойнт оюнунун кыргыздардагы эквиваленти болгон.

Бардык 8 оюнчу жерден 80 килограммдык улактын денесин (чындыгында 35 кг жакын – “Кабар” ред.) көтөрүүгө аракет жасашат.

Жаныбардын денесин жерден көтөрүүгө болгон ар бир аракет регбиге окшош ат үстүндөгү кармаш, камчы менен сокку уруу жана күрөш менен коштолот.

Жерден улакты көтөрүп алган же атаандашынын колунан аны жулуп алган оюнчу аны балдар бассейнинин өлчөмүндөй дарбазага таштоого аракет жасайт.

Американын Россияга каршы болгон оюну көк бөрү боюнча оюндардын алгачкыларынын бири болду. Россиялык командада негизинен улуту кыргыз оюнчулар ойношкондугун эске алганда, АКШнын жеңиши 1980-жылдагы Олимпиада оюндарында “Муз үстүндөгү керемет” хоккей жеңишинин кайгысынан ашып түшмөк.

Көпчүлүгү бул оюнга алгачкы жолу катышып жаткан америкалык команданын оюнчулары алардын бирөөсү улакты жерге түшүрүп алган сайын диктордун “Ууупс” деген сөздөрүнүн коштоосунда ойношту.

Кайсы бир учурда родэодогу тажрыйбасы үчүн командага чакырылган америкалык оюнчу Лэдд Хауэлл атчандардын тобунан бөлүнүп чыгып максатын көздөй чаап баратты. Ал жырткычты дарбазага таштап, өзү кулап түштү.

Оюн жаныбарлардын укуктарын коргогон көпчүлүк активисттердин тынчыздануусуна алып келген учурда, америкалык команданын дагы бир капитаны Гаррет Дж.Эдингтон команда оюндарга атаандашуу үчүн катышып жатпаганын билдирди.

“Бул маданияттын бир бөлүгү”, - деп билдирип, жеңүүчү команда улакты жей турганын кошумчалады.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит анын өлкөсү оюндарга катыша албай турганын айтып, капаланды.

“Биз чындыгында көчмөн эмеспиз”, - деди ал. Бирок шотландиялыктардын бар болгону жакшы!

Күчтүү, шамдагайлыкты сыноону камтыган спорт менен магышуу? Бар. Экзотикалык улуттук кийимдер? Бар. Уруулар? Кландар!

Көчмөндөр оюндары өз кулачын жаюуда. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

“Ааламдаштырылган дүйнөдө адамдар өздөрүн башкалардан айырмалап турган маданиятын унутушат”, - деди Субанов. Ар кандай улуттары, маданияттары бар дүйнөдө жашоо кызык. Бүткүл дүйнө жүзү Нью-Йорк болуп калса, жаман болмок”.

Көптөгөн иш-чаралар өткөн Кырчын капчыгайында катышуучулар эс алышууда. Сергей Пономарев атайын The New York Times үчүн.

New York Times

Нил МакФаркуа

Котормо “Кабар” МАБ

Түп нускасы: www.nytimes.com/2018/09/15/world/asia/kyrgyzstan-world-nomad-games.html?

Пикир

Оставить комментарий