• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оң динамика байкалууда. Бишкекте стационарларга кайрылгандардын саны кыйла азайды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын күндүзгү жана түнкү стационарлары жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-июлда күнздүзгү стационарларга 2 миң 905 тургун медициналык жардам алууга кайрылды.

"Мында оң динамика байкалууда – кайрылгандар азайып жатат. Алсак, бир жума мурда стационарларга дээрлик 4 миң 500 тургун кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

22-июлдан 23-июлга караган түнү түнкү стационарларга 581 адам кайрылды. 23-июлга карата күндүзгү ооруканалар 63 миң 130 адамды кабыл алып, 330 адам ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 15-июлдан 23-июлга чейин үч түнкү стационар 4 миң 898 адамды кабыл алып, 16 жаран ооруканага жаткырылган.

Эске салсак, эртең мененки саат 8ден кечки 20:00гө чейин шаар тургундары медициналык кеп-кеңештерди, капельница жана инъекцияларды 13 күндүзгү стационарда алууда, ал эми калган убакытта меджардам 3 түнкү стационарда көрсөтүлүүдө.

Жеринде дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар топтору нөөмөттө турат. Персонал жана тартылган адистер жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, убактылуу турак жай менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий