• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оңдоо иштерине байланыштуу 9-июнда тарта Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үметалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Аталган тилкеде оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий