• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Айтматов кең көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Айтматов кең көчөсүнүн Ахунбаев жана Горький көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүн, 8-августтан тарта Айтматов кең көчөсүнүн Ахунбаев жана Горький көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө оңдоо иштери башталат.

Жумуштар 28-августка чейин уланат. Унаалар чыгыштан Токтоналиев, батыштан Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү менен жүрүүгө болот.

11-12-августта Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол оңдоо иштери жүрөт. Калган күндөрү бул жер жана Айтматов кең көчөсүнүн Айни, Жаманбаев, Горький менен кесилиштери жол кыймылы үчүн ачык болот.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан жана коноктордон кечирим сурайт жана альтернативдик жолдорду колдонууну сунуштайт

Пикир

Оставить комментарий