• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Айматов проспектисинен Бакаев (Чапаев) көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Оңдоо иштери 2018-жылдын 30-августуна чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий