• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги айрым коомдук унаалардын каттамы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматы боюнча, оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук унаалардын каттамы өзгөрөт.

Учурда Манас проспектисинде жолду оңдоо иштери жүрүп жатат, ага байланыштуу 2018-жылдын 28-июлунан, таңкы саат 6:00дөн тарта 30-июлга, саат 5:00гө чейин Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү жабык болот.

Буга байланыштуу №8 жана №10 троллейбустук каттамдар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жүрбөй. Ал эми №4 троллейбус Киев көчөсү аркылуу каттайт.

Пикир

Оставить комментарий