• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги бир нече көчө жабылат

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. 16-июндан тарта Бишкектеги көчөлөрдүн айрым бөлүгү жабык болот, - деп билдирет Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу Усенбаев көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинин төмөнкү жагы жабык болот. Узундугу бир чакырымга жакын болгон тилкеде жолду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин уланат.

Андан тышкары Айни көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн ортосунда жүргүзүлүп, ишти 30-августка чейин аяктоо пландалган.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий