• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Чүй проспектисинин бөлүгү жабылат

Саясат 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Бишкекте 18-июлдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат, - деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Манас проспектиси жана Үмөталиев көчөсүнүн ортосунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлүп, жаңы жол тосмолору орнотулат.

Оңдоо иштери 8-августка чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий