• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оңдоо иштерине байланыштуу Калык Акиев көчөсү жабылат – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 3-майдан тартып Калык Акиев көчөсүндө Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жол кыймылы жабыла тургандыгын маалымдайт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа кыймылынын токтолушу 2017-жылдын июнуна чейин улануучу инженердик түйүндөрдү оңдоо иштерине байланыштуу экендиги маалымдалууда.

Оңдоо иштери «Азиястройкомплекс” ЖЧК тарабынан ишке ашырылат. Инженердик түйүндөр оңдолуп бүткөн соң, Калык Акиев көчөсүн кытай грантынын эсебинен оңдоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды альтернативдик жолдорду тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий