• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 12-июлдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык болот.

Бир айдын ичинде асфальбетонду оңдоо, жаңы жол белгилерин орнотуу иштери жүрөт. Оңдоо иштери 12-августка чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий