• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу Орозбеков көчөсүнүн бөлүгү жабык болот

Коом 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Бишкекте ондоо иштерине байланыштуу Орозбеков көчөсүнүн бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча 20-апрелден тарта жол бетин оңдоо иштерине байланыштуу Орозбеков көчөсүнүн Можайский менен Саадаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабык болот.

Жол бети оңдолуп, тротуарлар коюлат, арык тутумдары жаңыртылып, жол четиндеги бордюрлар орнотулат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын августуна чейин уланат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылы үчүн башка жолдорду тандоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий