• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оңдоо иштерине байланыштуу Шабдан Баатыр көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, жылуулук түтүктөрүн оңдоо максатында 23-июндан баштап Шабдан Баатыр көчөсүнүн 7-Апрелден тарта Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 14-июлуна чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий