• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оңдоо иштерине байланыштуу Тыныстанов көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. 20-апрелден 20-майга чейин Тыныстанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Киев көчөсүндөгү өтмөктө жол кыймылы чектелбестен, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Жолдорду жабуу жылуулук түйүндөрүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу көрүлгөн чара болуп саналат. Инженердик түйүндөрдү оңдоо иштери аяктаган соң, КЭР грантынын эсебинен Тыныстанов көчөсүн кайра куруу пландалууда.

Бишкек мэриясы айдоочулардан бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий