• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оң миңдей кыргызстандык компаниялардагы үлүштөрүн унутуп калган. Алар кайда кайрыла алышат?

Экономика 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акционердик коомдордо 10 пайыздан 30 пайызга чейинки акциялар кайда экендиги белгисиз жарандарга тиешелүү, башкача айтканда, алар өз акцияларын унутуп коюшкан. Бул тууралуу «Кыргыз фондулук биржасынын» директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Эралиев билдирди.

«Биздин жарандардын көбү менчиктештирүү мезгилинде акционердик коомдордун тең ээлери болушкан. Бул алар өз ыктыяры менен мажбурлап, мисалы, заводдун кызматкерлерине эмгек акыга үлүштөр берилген учурлар болгон. Алардын көбү, тактап айтканда, оң миңдей жаран ал акциялар тууралуу унутуп калышкан», - деди ал.

Эралиев кошумчалагандай, фондулук биржанын максаты - коопсуз рынокту уюштуруу болуп эсептелет, анын ичинде жаңыдан баштагандар үчүн дагы.

Ошондой эле «Кыргыз фондулук биржанын» президенти Медет Назаралиев маалымдагандай, 90-жылдары массалык менчиктештирүү мезгилинде акциялар өздөрүнүн кызматкерлерине эле сатылган, бирок финансылык сабаттуулуктун жоктугунан улам жарандар өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан эмес.

«Азыркы учурда акция ээлери же алардын жакындары фондулук биржадан кеп-кеңеш алып, аларды сатуу же болбосо дивиденттерди алуу жолдорун биле алышат», - деди Назаралиев.

Пикир

Оставить комментарий