• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Оңолбек Каныбек уулу ойногон команда Казакстандын чемпионатында коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Казакстандын чемпионатынын улуттук лигасынын оюндары 13-мартта токтотулган. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Чемпионаттын бешинчи туру Атырау шаарында өтүп, бирок оюндар аягына чейин ойнолгон эмес. Мелдештин жыйынтыгы 13-марттагы беттештер менен чыгарылган.

Казакстандын чемпионатынын быйылкы сезонунун жеңүүчүсү Алматынын "Буревестник", экинчи орунду "Атырау" жана үчүнчү орунга "Тараз" командасы илинди.

Эскерте кетсек, "Тараз" командасында волейбол боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий