• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга тыюу салуу боюнча долбоор сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга тыюу салуу боюнча долбоор сунушталууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, КР аймагында оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө, аларды тиешелүү түрдө каттоого, колдонууга тыюу салган мыйзамдын натыйжасыз аткарылышына жана мыйзамдардагы боштуктарга, коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кыймылдуу мүлктү каттоо боюнча иштин алкагында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыккан.

Долбоор аныкталган коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган, анткени кузовдор, номерленген түйүндөр жана агрегаттардын алмаштыруунун натыйжасында оң рулдуу автоунаалардын акырындык менен эскиришине жана аларды колдонуунун азайышында оң динамика жок. Эске салсак, мыйзам транспорттун ушул түрү менен байланышкан жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, Кыргызстандын аймагына 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө, каттоого жана аны колдонууга тыюу салынган. Бирок коррупциялык схемалардын жана мыйзамдардагы боштуктун (кузовду алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө тыюу салынган эмес) натыйжасында бул оң рулдуу унаалардын акырындык менен эскиришине жана аларды колдонуунун азаюу динамикасына тескери таасирин тийгизип, натыйжада жол коопсуздугу жогорулаган жок.

Пикир

Оставить комментарий