• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

О.Панкратов: ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо тууралуу кабыл алынган келишим–ЕЭК 2017-жылдагы артыкчылыктуу иштеринин бири

Өкмөт 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо тууралуу кабыл алынган келишим–Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдагы артыкчылыктуу иштеринин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, ЕЭК жыйында бажылык жөнгө салуу, биримдиктеги рынокто тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жокко чыгаруу, техникалык жөнгө салуу, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү менен агроөнөр жай комлекси кооперациясын түзүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов кесиптештеринин көңүлүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо келишим тууралуу долбоорго бурду.

«Аталган документти кабыл алуу Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдагы приоритеттүү иштеринин бири. Бул пенсияларды эсептөө боюнча түшүнүктүү системасын түзүүгө, жумушка жарамдуу калк арасында алгылыктуу географиялык мобилдүүлүккө, ошондой эле инвестициялык ресурстарды бизнес-коомчулукта натыйжалуу пайдаланууга, персоналдык өнүгүү программаларын ишке ашырууга мүмкүндүк берет», – деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин мүчөлөрү пенсия төлөмдөрүн камсыз кылуунун эрежелерин жана нормаларын иштеп чыгуу, ошондой эле пенсиялык милдеттүүлүктү экспорттоонун тартиби жана Союздун башка мамлекеттеринде иш стажын эске алуу боюнча ишти улантуу жөнүндөгү чечим кабыл алышты.

Мындан улам пенсиялык индивидуалдуу коэффициентин көбөйтүүнү аныктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат, бул пенсиянын көлөмүн эсептөөдө колдонулат.

Мындан тышкары Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексин ратификациялоо процедурасын синхронизациялоо жөнүндөгү чечим кабыл алынды. Аталган документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин жыйынына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕАЭ Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) катышты.

Пикир

Оставить комментарий