О.Панкратов: “Казакстан ветеринардык көзөмөлдү алуу маселесинде өзүнүн тыюу салуу укугун кыянаттык менен пайдаланууда”

Коом 0

Бишкек, 3-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстан кыргыз ветеринардык тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу маселесинде тыюу салуу укугун кыянаттык менен пайдаланууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ боюнча эскертүүлөрдү четтетүү иштери туруктуу форматта жүрүп жатат. “Мен бул эскертүүлөр тутумдуу мүнөздө эместигин белгилеп кетким келет. Аудиттен соң 2016-жылдын декабрында үч өлкө жана ЕЭК, жалпысынан алганда, биздин ветеринария тутумубуз продукциянын коопсуздугун камсыздоого даярдыгы тууралуу чечим чыгарышкан. Бул бүтүмгө макул болбогон бир гана казак тарап. Казакстан чындыгында, өзүнүн тыюу салуу укугун кыянаттык менен пайдаланып, бул чечимди ЕЭК кеңеши аркылуу өткөрбөй жатат”, - деди О.Панкратов.

Ал белгилегендей, бардык көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилет. “2017-жылдын аягына чейин биз бардык сунуштарды аткарабыз. Жол картасы боюнча башкы сунуштамалардын 2 пункту гана калды. Үстүбүздөгү жылдын июлуна карата алар четтетилет. Биз веткөзөмөлдү алып таштоо жана тутумду эквиваленттүү катары таануу маселесинин ЕЭК кеңешинде каралышын дагы бир ирет көтөрөбүз”, - деп ишендирди вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий