• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

О.Панкратов: Кыргызстандын негизги экспорттук позициясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын негизги экспорттук позициясы, анын ичинде айыл чарба продукциясы (70% жогору), даяр тигүү продукциясы (100% чейин) ЕАЭБ өлкөлөрүнө багытталган. Бүгүнкү күндө биздин республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен салыштырма салмагы сырткы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 44,3% түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 8-июнда, «Аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБ рыногунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы конференцияда билдирди.

«Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кирүүсү – бул өлкө келечегин өнүктүрүү модели. Интеграциялык модель өлкөнүн өнүгүүсүндөгү приоритеттүү багыттарын, бардык деңгээлдеги башкаруу чөйрөсүн, ата мекендик экономикага инвестиция тартуу сыяктуу аймактарды өнүктүрүү саясатын өзүнө камтыйт. Аны менен бирге бизнес башкаруу институттары менен бирге, анын ичинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ЕАЭБ жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө багыт алышы керек», — деди ал.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында, вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасы ЕАЭБ башка өлкөлөрү сыяктуу интергациянын айрым эрежелерине көнүгүү үчүн жөнөкөй эмес адаптациялык этаптан өтүшү керектигин билдирди.

«Салык төлөөчүлөрдү окутуунун шартында импортко салык төлөө процедураларын иштеп чыгуу Беларусияда, Казакстанда, Россияда 3 жылдан бери жүрүп келе жатат. Убакыт ажырымы экономикалык субъекттердин интеграциянын шартына ылайыкташуусуна аргасыз.

Адаптациялык мезгилдин кыйынчылыктарынан канчалык эрте өтсөк, уюмга мүчө мамлекеттердин рыногуна азыктардын айрым түрлөрүн: кургак мөмө, бал, картошка, сүт азыктары жана башка азыктардын түрлөрүн алып чыгууга ошончолук жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Аны менен бирге атаандашуу позициясын сактап, атамекендик ички өндүрүүчүлөр үчүн негизги үлүштү сактап калуу мүмкүн болот», — деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү улантып, жеңилдетилген насыя, айыл чарба тармагында лизингге техникаларды берүү, заманбап логистикалык борборлорду куруу багытында иш алып барууну улантып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий