• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

О.Панкратов: Жеңил өнөр жай өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Жеңил өнөр жай бүгүнкү күндө улуттук экономиканын негизги секторлорунун бири болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанатуу жыйында билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жеңил өнөр жай мекемелиринин жогорку сапаттагы жана кеңири ассортименттеги продукцияларды чыгаруу менен биздин ата мекендик буюмдар ар кайсы мамлекеттердин миңдеген керектөөчүлөрүнүн арасында атактуу боло алды. “Кыргызстанда жасалды” деген бренд сатып алуучулардын арасында таанымал болуп, ишеним жаралды. Бул ийгиликтерде албетте жеңил өнөр жай тармагында эмгектенген кызматкерлердин салымы зор. Анткени жылдар бою өндүрүштүк процессти жаңылап, сапатын жакшыртууга аракет көрүп келдиңиздер”, - деп вице-премьер-министр белгиледи.

Олег Панкратов билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул тармактын өнүгүшүнө мындан ары да колдоосун улантат.

“Жеңил өнөр жай өндүрүшүн колдоо максатында 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пахта тармагын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Токмок шаарында кездемелерди чыгарган “Текстиль Транс” ишканасы эксплуатацияга берилди. Ал эми Кара-Балта шаарында “Деңиз-Текстиль” фабрикасынын курулушу башталды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен “Технополис” долбоорун ишке ашыруу үчүн Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында жер бөлүнүп берилгендигин өзгөчө баса белгилеп кетем”, - деп Олег Панкратов маалымдады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жеңил өнөр жай тармагында эмгектенген айрым кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын ыйгарды. Сыйлыктар көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана калкты тейлөөдө жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишкендиктери үчүн берилди.

Пикир

Оставить комментарий