• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Облус башчысы: Төрткүл суу сактагычы Кыргызстанга тийиштүү

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Баткен облусунда Төртгүл каналы Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт, - деп баса белгилеген өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жаныбек Жалалов.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма өз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы бүгүн Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар жана жаштар менен жолугуп, чогуу намаз окуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрткүл каналы боюнча суроо узатышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрткүл суу сактагычына келген Төркүл каналы толугу менен Кыргызстанга тийиштүү экендигин билдирген.

"19 чакырым болгон канал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлуштүрүүчү жайдан башталып, Төрткүл суу сактагычына чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы башкы суу бөлүштүрүүчү жай стратегиялык өзгөчө маанилүү обьект болгондуктан, күнү-түнү Кыргызстандын ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул обьекттин башка мамлекеттин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт", - деп баса белгилеген облус башчысы.

Ошондой эле ал жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык-айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечиле тургандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий