• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Облустук милиция: Баткенде шайлоо тынч өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо коопсуздукту камсыздоодо укук бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында болгон окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

"Негизинен шайлоо тынч жана туруктуу өттү. Шайлоо участкаларында абал туруктуу. Баткен облус аймагында жалпысынан 900дөн ашуун милиция кызматкери жана ар бир шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери менен кошо ыктыярдуу элдик кошуундар коомдук коопсуздукту сактап иш алып барышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий