• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үстүбүздөгү жылы Нарын облусунда 165 жол кырсыгы катталып, 35 адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков Нарын шаарында эл менен жолукту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын бир жыл ичиндеги аткарган иштери, жол кырсыктарын алдын алуу, уурулук, мыйзамсыз куралдарды сактоо, үй-бүлөлүк зомбулуктар, анын ичинен жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулуктар, алар тарабынан жасалган кылмыштар, жаңы жылга карата алынып келип жаткан пироиотехникалык жардыргычтарды токтотуу боюнча иш-аракеттери боюнча отчет берилди.

Иш-чарага Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, шаар мэри Жаныш Курбанов, Нарын облусунуну казысы Эрик Молдокулов, мекеме жетекчилер, соц кызматкерлер, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада алгач коомдун коопсуздугу боюнча жасалган жана алдыда жасала турчу иштер боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги Талант Кадыров отчеттук докладын окуду.

Нарын облусунда жыл башынан бери 165 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 66 жаран ар кандай каракат алса, 35 адам каза тапкан. Кырсыктар жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда да болгон. Мал уурулук боюнча 35 кылмыштуу топтор кармалып, 90дон ашык кылмыштын бети ачылган.

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз пайдаланып жүргөндөр аныкталып, быйылкы жылы зордук-зомбулукка кабылгандар көп болуп жатканын маалымдалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облустук милициясынын начальниги Алмазбек Жумабеков сөз сүйлөп, алгач президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 6-декабрындагы аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) электр энергияга болгон төлөмдөрдү азайтуу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн стимулдаштыруу, чакан бизнести колдоо, жагымдуу салык климатты түзүү боюнча кол коюлган маанилүү жарлыгын элге жеткирип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

“Калктын коопсуздугу биздин колубузда. Биз элдин ишенимине кирүү үчүн так, кайдыгер болбой, мыйзам чегинде, кылмыштуулукту алдын алууда талыкпай иш алып барышыбыз керек. “Милиция мени коргойт!” деген ишенимге жетишибиз керек. Ал үчүн ата-энелер, өспүрүмдөр жана бардык жарандар менен тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Аны менен катар укук коргоо кызматкерлерине коомчулук да көмөк көрсөтүүсү маанилүү.

Ата-энелер балдарга туура тарбия, багыт берип, мугалимдер окуучуларга жакшы билим берсе, биз болсо алардын коопсуздугун камсыздасак, келечекте кылмыштуулук азайып, коопсуз өлкөгө айланабыз. Өспүрүмдөргө убагында жакшы тарбия, жетиштүү билим берилип, терең түшүнүк болсо, кийин ар кандай кылмыштуулукка баруудан, бирөөнө зомбулук көрсөтүүдөн алыс болот. Жол кырсыктарынын көп катталып жатканына байланыштуу айдоочуларга күбөлүктү атайын окуудан өтүп, жол эрежелерин толук билип, аны сактоо менен унаа башкарышын суранам жана талап кылам”, - деди А.Жумабеков

Ошондой эле Жумабеков унаа башкарып бара жаткан ар бир адамдын ата-энеси, балдары, үй-бүлөсү күтүп жатканын, унаада бараткан жүргүнчүлөрү үчүн да жоопкерчилик бар экенин эскертти.

Иш-чаранын соңунда кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу максатында айтылган сунуш-пикирлер кабыл алынды.

Мындан тышкары, Алмазбек Жумабеков Нарын шаарындагы Э. Ибраев атындагы орто мектептин жогорку класстын ата-энелери менен жыйын өткөрүп, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу, анын ичинде жашы жете электерге карата жана алар тарабынан жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген, зомбулук менен коштолгон мектеп рекети, опузалап талап кылуу, тоноо, уруп сабоо жана башка ушул сыяктуу кылмыштардын, ошондой эле кырсыктардын алдын алууга кенен токтолуп, ачык-айкын талкуулар болду. Ал эми ата-энелер сунуш пикирлери менен катар ыраазылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий