• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Облустук штаб: Тажикстандан кайтууну каалаган 45 кыргызстандыктын маселеси каралууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.10. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, өкүлчүлүктүн аппараты, облустук ИИБнын, Мамлекеттик бажы жана чек ара, жол, экономика секторунун, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Ош облусунда өзгөчө кырдаал шартында 57 өнөр жай ишканасынын 33ү иштеп жатат. 21-майдан баштап дагы 11 ишкана өз ишин жандантат. Сегиз мезгил-мезгили менен иштөөчү мекеме болсо, анын алтоо убактылуу иштебей жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдиргендей, милиция кызматкерлери Өзгөн жана Ноокат райондорундагы 2 постто күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Жалпысынан 1 миң 400дөн ашуун тартип сакчысы иштөөдө.

"Сырттан келген айдоочулардын 20 пайызга жакынынан COVID-19 табылган. Учурда облуста 9 постто 89 кызматкер 2 нөөмөт менен иш алып барууда", - дейт Нурдинов.

Ошондой эле облустук штабдык отурумунда Тажикстандан кайтууну каалаган 45 кыргызстандыктын маселеси каралып жаткандыгы айтылды. Кыргыз-кытай чек арасында импорт жана экспорт токтоосуз жүрүп жатат, алар үчүн атайын 76 обсервация иштеп жатат.

"Коронавирус жалпыбызга сыноо жана кыйынчылыктар менен коштолду. Кудайга шүгүр, эпидемиялык кырдаал көзөмөлдө. Эми ушул абалдан пайдаланып, көмүскө салыктарды төлөбөй иштеп жаткан ресторан, курулуш ишканаларын, такси кызматкерлерин тактап чыгыңыздар. Биздин мамлекеттин казынасын толуктайлы", - деген өкүл Узарбек Жылкыбаев.

Пикир

Оставить комментарий