• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Обсервацияда жаткандар кандай шартта үй карантинине чыгарылат? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов обсерацияда жаткандар кандай шартта үй карантинине чыгарыларын айтып берди.

Анын айтымында, обсерацияда жаткан жарандар үч шарттын негизинде үй карантинине чыгарылат. Алар, биринчиси - оорунун белгилери жок болгондо, экинчиси - 14 күндүк обсервацияны толугу менен аягына чыгаруу, үчүнчүсү - 14 күндүк карантинден соң алынган анализдеринин жыйынтыктары терс чыкса. “Ушул үч шарттын негизинде обсервацияда жаткан жарандар үй карантинине чыгарылат. Алар үй карантинине чыгарылгандан кийин дагы 14 күн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат”, - деп кошумчалады ал.

Министр белгилегендей, азыркы учурда өлкө боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда жатат.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 403 адам, Чүй облусунда – 173, Ош шаарында – 56, Ош облус боюнча – 263, Жалал-Абад облусунда – 189, Баткен облусунда – 584, Нарын облусунда – 108 адам, Талас облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 100 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий