• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Обсервацияга алынган 7 жүк ташуучу үй карантинине чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. 22-апрель күнү Москва районунун аймактык ооруканасынын обсервациясына жаткырылган 7 жүк ташуучу үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Алардан коронавирусту аныктоо үчүн алынган ПЧР диагностиканын жыйынтыгы коронавирус жок экенин көрсөткөн. Бүгүн, ал жарандар үй карантинине чыгарылды. Айдоочулар үй карантинин талаптары менен тааныштырылып, аларга ал талаптарды бузган учурда жоопкерчилик каралганы айтылган", - деп билдиришти штабдан.

Пикир

Оставить комментарий