• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Обсервациялар авиабаза жана казармаларда даярдалган – Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандардын саны жогору болгон өлкөдөн келгендер обсервацияларга жаткырылат. Обсервациялар авиабаза жана казармаларда даярдалган. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, 25-январдан баштап обсервациялык жерлер түзүлө баштаган.

"Албетте, бул мейманкана же үй эмес. Бирок, биз казармаларды тазалап, даярдаганбыз. Учурда бардык шарттар түзүлгөн. Санитардык-гигиеналык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Дарыгерлер, санитарлар, ӨКМдин өкүлдөрү күнү-түнү иштөөдө. Эки дарыгер дайыма нөөмөттө турат. Эгер кандайдыр белги пайда болсо, анда Улуттук онкологиялык борборунда атайын палата жеткирилет", - дейт министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, обсервацияларда даараткана, жууна турган жер бар, ошондой эле 3 маал тамак берилет.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирген.

Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары. Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эске салсак, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган.

Ал эми 20-марттан тарта Кыргызстандагы бардык бала бакчалар убактылуу жабыла турган болду.

Пикир

Оставить комментарий