• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Одесса шаарындагы колледжде чыккан өрттөн каза болгондордун саны беш адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Украинанын Одесса шаарындагы Экономика, укук жана мейманкана бизнеси колледжинде чыккан өрттөн улам каза болгондордун саны беш адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргенин "Известия" басылмасы жазат.

Белгилей кетсек, Одессанын колледжиндеги өрт 4-декабрь күнү эртең менен чыккан. Өрттүн аянты 4 миң чарчы метрге чейин жеткен.

Басылма жазгандай, 7-декабрда урандылардын астынан дагы бир адамдын жансыз денеси табылган. Ошентип, тилсиз жоодон каза болгондордун саны беш кишиге жеткен.

4-декабрь күнү болгон өрттөн улам 17 киши шаардык ооруканага жаткырылган. Ошондой эле өрттөн 31 адам жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт 6 кабаттуу имараттын 3-кабатында чыккан. Полиция кызматы кырсык бузук электр шаймандардан улам болгон же бирөө атайылап өрттөгөн деп божомолдоодо.

Пикир

Оставить комментарий