• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЮНЕСКОнун башкы директору Ала-Арча капчыгайындагы мөңгүлөрдүн үстүнөн учуп өттү

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнүн үстүнөн учуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Одрэ Азуле баштаган делегациянын мүчөлөрү КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен бирге климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу орун алган көйгөйлөрдөн улам жабыркап жаткан мөңгүлөрдүн учурдагы абалы менен таанышты.

Борбордук Азия геоилимдер институтунун директору Болотбек Молдобеков глобалдык климаттык кризис шартында Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын мөңгүлөрүнө баруу КР президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021-2022-жылдары Одрэ Азуле менен болгон жолугушууларда сунушталган жана Кыргызстандын демилгеси менен 2021-жылдын ноябрь айында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясында кабыл алынган "Тоо мөңгүлөрүнө мониторингди жана изилдөөнү күчөтүү" резолюциясын ишке ашырууга байланыштуу.

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле өзү жетектеген уюм Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий