• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОГПИде “Алтай маданиятынын Кыргыз тарыхындагы орду” аттуу тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Кечээ, 21-февралда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында “Алтай маданиятынын Кыргыз тарыхындагы орду” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Иш чара Ош шаардык маданият башкармалыгы жана ОГПИнин “Тарых” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэриясынан тиешелүү өкүлдөр, Оштогу Жогорку окуу жайлардын тарыхчы жана тилчи окумуштуулары жана студенттер катышышты. Тегерек столду окуу жайдын ректору профессор Бекмурза Зулуев ачып, уюштуруучуларга жана катышып отурган окумуштуу агай эжекелерге жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирүү менен тегерек столдун жүрүшүнө ийгилик каалап өттү. Ошондой эле ректор бүгүнкү өтүп жаткан иш чаранын аталышы учурдун талабына ылайык экенин белгилөө менен Алтай маданияты көчмөн элдеринин цивилизациясына шайкештиги жана алдыда боло турган III көчмөндөр оюнунун негизги маани-маңызы тууралуу сөз кылды.

Аталган тегерек столдо Кыргыз этногенезинде Алтай тегинин катышы боюнча илимий тыянактар, Алтай маданиятынын тарыхый доорлору жана алардын кыргыз тарыхындагы орду, Кыргыз Алтай тилдеринин окшоштуктары жана Кыргыздар түрк калктарынын ичинен Алтай эли менен эмнеге жакындыгы жөнүндө баяндамалар жасалып, белгиленген темалардын үстундө кызуу талкуу жүрдү. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунуштар, кызыктуу ойлор айтылып, окумуштуулар студенттердин бир топ суроолоруна да жооп берип өтүштү. Жыйынтыгында катышуучуларын сунуштары, ой-пикирлери эске алынып, атайын резалюция кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы КРдин экс-президенти Атамбав Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери» аттуу форум өткөрүлүп, анын катышуучулары тарабынан кабыл алынган Декларация Евразия мейкиндигинде жашаган элдердин тарыхый, маданий байланыштарынын жалпылыгына таянуу менен ири евразия интеграциясынын алкагында өз ара иштешүүнүн жана кызматташуунун жаңы этабына өтүү боюнча долбоор түзүлгөн. Бүгүнкү иш чара дал ушул долбоордун негизинде Алтай цивилизациясынын элдерин бириктирүү, орто кылымда Улуу Кыргыз каганатынын курамына кирген кеңири аймакта азыр жашап жаткан этникалык кыргыздарды колдоо, кыргыздардын жана Евразия мейкиндигиндеги тектеш элдердин нарктуу маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана алардын тарыхынын, тилинин жана маданиятынын маселелерин жаңы методологиялык ыкмалардын негизине кароо ошондой эле Кыргыз элинин биримдигин бекемдөө менен келечектеги муундарга анын тарбиялык таасирин тийгизүү максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий