• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ОГПИде III Дуйнөлүк көчмөндөр оюнуна арналган тегерек үстөл өттү

Маданият 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – элдердин жана алардын маданиятынын жакындашуусу” аттуу эл аралык тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган саамалык, үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтүүчү III көчмөндөр оюнуна карата, көчмөндөрдүн, тарыхын, маданиятын, салт-санааларын изилдөө жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана “Единство” коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Тегерек столго КРдин Билим берүү жана илим министрлигинен, Кыргыз улуттук илимдер академиясынан, Россиянын Кемерово мамлекеттик университетинен, “Единство” коомдук фондунан, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Ош облустук спорт комитетинен атайын өкүлдөр жана Ош, Жалал-Абад аймагындагы белгилүү тарыхчы илимпоздор катышышты.

Тегерек стол эки бөлүктөн болуп, биринчи бөлүгүндө тегерек столдун практикалык ишаараты катары, окуу жайдын сырткы аянтчасында көчмөн элдердин образы чагылдырылган, улуттук оюндардын, каада-салттардын, тамак аштардын, кол өнөрчүлүктүн жана боз үй тигүүнүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, ага келген коноктор, тегерек столдун катышуучулары күбө болушту. Андан соң негизги бөлүгү болгон илимий багыттагы тегерек стол уланып, аны окуу жайдын ректору профессор Б.Б.Зулуев жана “Единство” коомдук фондунун аткаруучу директору Б.А.Сернецкий ачып, тегерек столдун жүрүшүнө ийгилик каалоо менен бирге, катышып отурган конокторго ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Илимий саамалыктын жүрүшүндө илимпоздор теманын алкагында өздөрүнүн көчмөндөр туурасында төмөндөгүдөй багыттагы “Всемирные игры кочевников: социокультурный феномен XXI столетие”, “Национальные игры и виды спорта коренных народов Кузбосса”, “Көчмөндөр цивилизациясынын кыргыз элинин маданиятына тийгизген таасири”, Олимпиады и всемирные игры кочевников аналоги крупнейших международных спортивных состязаний”, “Тогуз коргоол - кыргыздардын улуттук акыл оюну”, “Көчмөнчүлүктүн тарыхына экскурс”, “Көчмөн кыргыз коомунун социалдык түзүлүшүнө тарыхый сереп”, “Көчмөндөр оюндарынын “Манас” эпосунда чагылдырылышы”, “Көчмөндөр коому тарыхый изилдөөлөрдө” изилдөөлөрүн баяндашып, ачыкка чыга элек, коомчулук көп маани бербеген көптөгөн кызыктуу маалыматтар айтылып, кызуу талкуулар жүрдү. Мындан тышкары көчмөндөр оюнун уюштурууга жана улуттук баалуулуктарды сактоого байланыштуу бир топ ой-пикир, сунуштар айтылып, жыйынтыгында резалюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий