• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ОГПИде "Методикалык табылгалар" аттуу семинар-тренинг болду

Билим 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. 30-ноябрь Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда, Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү кызматкерлери үчүн “Методикалык табылгалар” аттуу семинар - тренинг болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирет.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүмүн окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө окуу жай педагогикалык институт катары, адистерди даярдоодон сырткары, мектептерге жана бала-бакчаларга усулдук жактан көмөк көрсөтүү ишине өзгөчө көңүл бөлүнүп акыркы учурда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары ректор, бүгүнкү уюштурулуп жаткан семинар-тренинге жакындан көмөк көрсөткөн Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, Эл аралык “Балдарды коргойлу” уюмунуна жана келген катышуучуларга уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле салтанатка катышып отурган Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Р.Асанов сөзгө чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде адис жетишсиз болуп жатканын, ошондой эле учурда көпчүлүк кызматкерлер башка адистин ээлери экенин баса белгилеп, бүгүн булар үчүн өтө маанилүү, керектүү иш-чара уюштурулуп жатканын айтып өттү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө жети усулчудан турган жумушчу топ, катышуучуларды тайпаларга бөлүшүп аларга баланы калыптандыруучу түрдүү багыттагы темалар үстүндө тренинг жана мастер - класстарды өтүү менен жаңы ыкма жана усулдардын үлгүлөрүн көрсөтмө катарында маалымат беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында атайын отурумдун негизинде уюштуруу тобунун сунушу менен катышуучулардан сабактарга анализдер жүргүзүлүп, билим берүүдөгү айрым маселелер, алардын чечилиштери боюнча талкуу болду. Ошондой эле катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылып, “мындай семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп турса” деген сыяктуу сунуштар айтылды.

Эскерте кетсек, аталган семинар окуу жай жетекчилигинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Эл аралык “Балдарды коргойлу” уюмунун колдоосу менен ОГПИнин алдында түзүлгөн “Мугалимдердин билимин жогорулатуу” бөлүмү жана “Педагогика” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий