• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОГПИде спорттун алты түрү боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. 10-ноябрь Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттердин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Аталган мелдеш Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис жана кыргыз күрөш түрлөрү боюнча спортчулар таймашышты. Бир жумага созулган бул мелдештин жыйынтыгы 17-ноябрда чыгарылып, ар бир түр боюнча байгелүү орунду багындырган командалар студенттер күнүнө арналган майрамдык салтанатта окуу жай жетекчилиги тарабынан диплом, акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланышмакчы.

Эскерте кетсек, белгиленген спорттун түрлөрү боюнча окуу жайдын курама командасын бышыктоо, студенттерди сергек жашоого үндөө жана достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулган бул мелдеш жылына эки ирет салтка айланып өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий