• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОГПИде студенттер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 17-ноябрь эл аралык студенттердин күнүнө карата жогорку деңгээлде майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Кече салтанаттуу түрдө институттун чоң залында окуу жай жетекчисинин, декандардын жана жалпы студенттердин катышуусунда өттү. Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, жалпы студенттерди кызуу куттуктоо менен окуудагы, коомдук маданий жана спорттук иштердеги алдыңкы студенттерге Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин жана ОГПИнин сыйлыктарын тапшырып өттү. Майрамдык кече атайын даярдалган концерттик программа менен коштолуп, студенттерге уюштуруу тобу тарабынан ар кандай оюн-зооктор жана лотерея оюну уюштурулду.

Эскерте кетсек, ОГПИде мындан тышкары студенттер күнүнө карата факультеттер аралык спорттук мелдеш жана массалык түрдө студенттик бий кече өткөрүлдү.

Маалымдама: 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер жана окутуучулар өлкөнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. Анын өлүмү көптөгөн студенттерди кайрадан каршылык акциясына чыгууга мажбур кылган.

Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет.

17-ноябрда жүздөгөн демонстранттар камалып, Чехословакиянын Студенттер кеңешинин тогуз активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш бүткөнчө чех окуу жайларынын бардыгы жабылган жана мүлкү конфискацияланган. 1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган.

Пикир

Оставить комментарий