• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОГПИде студенттерди Японияга жумушка орноштуруу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында студенттер үчүн “Японияга жумушка орноштуруу” борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет.

Борбордун ачылуу аземи салтанаттуу турдө уюштурулуп, ага аталган борбордун Япониядагы өкүлү Ецухашей Мичинори, И.Арабаев атындагы КМУнун “Япон тилин окутуу” борборунун өкүлдөрү, ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев баштаган ректорат жамааты, факультеттин декандары жана студенттер катышышты.

Иш-чарада ректор студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткан борбордун ачылышы менен жамааттын атынан кызуу куттуктап, конокторго ыраазычылык билдирип өттү.

Ошондой эле борбордун директору Ж.Мамашева катышуучуларга борбор тууралуу баяндама жасап, бул борбор аталган эки окуу жайдын Япон өлкөсү менен кызматташуу боюнча атайын келишимдерине ылайык, студенттерге япон тилин үйрөтүп, окууну аяктагандан соң жумуш менен камсыз кылуу максатында иш алып бараарын маалымдады. Маалыматка ылайык үстүбүздөгү окуу жылда ОГПИнин социалдык иш адистигинде окуган студенттер ачылган борбор аркылуу окутулуп, жыл аягында тилди өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр Японияга жумушка жөнөтүлмөкчү. Ал эми келээрки жылдардан баштап башка адистиктерде окуган каалоочу студенттер да бул курска катышып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий