• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ОГПИде студенттердин спорттук мелдеши өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. 10-ноябрь Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттерин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер аралык факультеттер ортосунда спорттук мелдеш болуп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдеш Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, фудбол, шахмат, тогуз коргоол, үстөл тенниси, кыргыз күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча студенттер таймашууда.

"Оюндун жыйынтыгында мыкты факультет, мыкты команда жана мыкты спортчулар аныкталып,17-ноябрь студенттер күнүнө карата болуучу салтанатта жеңүүчүлөр сыйланмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш белгиленген спорттун түрлөрү боюнча окуу жайдын курама командасын бышыктоо, студенттерди сергек жашоого үндөө жана достук мамилени чыңдоо максатында жылына эки ирет салтка айланып өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий