• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОГПИде жылуулук берүү борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда (ОГПИ) жаңыдан курулган жылуулук берүүчү борбордун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Ачылуу иш-чарасы расмий түрдө окуу жай жетекчилиги жана окутуучулардын катышуусунда болуп, борбордун кызыл тасмасын кесишти.

Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.

Учурда от казан институттун 2 окуу корпусун толук түрдө жылуулук менен камсыздады. Мындан сырткары, жакынкы күндөрдө 2 имараттан турган студенттик жатаканага да жылуулук берүү ишке ашмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин окуу жайды Ош шаардык жылуулук электр борбору жылуулук менен камсыздап келген болсо, бул жылдан тартып институттун өздүк жылуулук берүүчү борбору аркылуу камсыздалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий