• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык Ойбек Насиров эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло медалын жеңди

Спорт 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Кыргыз балбан Ойбек Насиров эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло медалын жеңди. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында кабарланат.

79 килограмм салмакта күрөшкөн Насиров үчүнчү орун үчүн беттеште кытайлык Зепинг Линди 2:1 эсебинде жеңип алды.

Эске салсак, Азия биринчилиги кытайдын Сиань шаарында 23-28-апрелге чейин өтүүдө.

Кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло медалын жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий