• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ок атуучу куралды мыйзамсыз кармагандыгы үчүн Россиянын жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Россиянын 61 жаштагы жаранын ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармашкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиционерлер Бишкектеги авто бекетте бир кишини токтотушуп, унааны текшерүү маалында ок атуучу куралды табышкан. Анын эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес.

Учурда алынган курал баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн.

Аталган факты боюнча иликтөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий