• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ок чыгарууга уруксат бербегениме өкүнөм – УКМКнын башчысы

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жаш балдарга карай ок чыгарат деп эч ким күткөн эмес. Азыр жоокерлерге ок чыгарууга уруксат бербегениме өкүнөм, деп билдирди парламенттин кезексиз жыйынында УКМКнын башычысы Орозбек Опумбаев.

Анын айтуусунда, Атамбаев куралсыз жаш балдарга карата ок чыгарат деп эч ким күткөн эмес. Анын натыйжасында подполковник Үсөнбек Ниязбеков каза болду. "Учурда эч эскертүүсүз эле ок чыгарууга уруксат бербегениме өкүнөм. Эмоциям үчүн кечирим сурайм. Ишенип коюңуздар, азыр мана оңой болгон жок. Каза болгон Үсөнбектин артында жубайы Назгүл жана төрт баласы калды. Кичүүсү 2014-жылкы", - деп билдирди Опумбаев.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Ага эки ирет операция жасалды. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий