• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ок шуу деп башымдын жанынан өтүп жатты” — баткендик мугалимдин эскерүүсү

Коом 0

Бишкек, 15.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана мугалимдер Ысык-Көлдө 10 күндүк жайкы реабилитациядан өтүштү.

Көл жээгинде 9 жаштан 17 жашка чейин 70 бала жана 20 мугалим эс алуусун өткөрдү.

Иш-чара жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган чек арага жакын райондордогу балдарга жана мугалимдерге арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Мугалимдер үчүн стрессти жана жаракат алуудан кийинки синдромду башынан өткөргөн балдарга психологиялык жардамды көрсөтүү методдору окутулду.

Көл жээгинде эс алуусун өткөргөн Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну, башталгыч класстын мугалими Мархабо Расулова 28-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуяны эскерди.

Нет описания.

“Ал күнү ок атууларды укканмын. Бирок көп маани бирбей катуу уктап калыппыз. Ойгонсок атышуу болуп жатыптыр. Биздин үй менен тажиктин үйүн бир гана жол бөлүп турат. Жолдошум шатыны дубалга коюп, чыгып кетти. Биздин дубалыбыз 3-4 метр бийик болгондуктан ок байма-бай тийип жатканы сезилип турду. Үйдө менден башка эч ким калбады. Жарык өчүп калгандыктан, телефонумдун кубаты дагы аз калган. Жолдошума чалып алып кет десем, азыр деген эле жооп алдым. Дубалдан чыгып акырын карайын десем ок шуу деп башымдын жанынан өтүп жатты. Документтерди алып, мен дагы шаты менен чыгып бара жатсам октор токтобой жаай баштады. Кайра баштыгымды көтөрүп алып жерге түшөм. Ошентип саат үчтөрдө биздин атайын багытындагы аскерлер дубалдан ашып өтүп келип калышты”, - дейт ал.

Расулова коркконунун шатыдан чыгып-түшө берип денесинин баары бир жумадан кийин көгөрүп кеткенин айтат.

“Саат 6:30дар чамасында Көк-Ташта ок атушуу токтогондо бизди тоо аралатып, Баткендин өзүнө алып кетти. Жолдошум эжесинекине, мен таенемдикинде калып калдым. Балдарыбыз ал учурда Бишкекте окууда болушчу”, - деди мугалим.

Башталгыч класстын мугалими гуманитардык жардам алуу үчүн барганда “жалгыз башыңызга аласызбы” деген жоопту алгандан кийин барбай койгонуна токтолду.

“Бир жолу 5-6 кг картошка, 3 кг макарон, эт, салат алдым. Андан кийин барган жокмун. Азыр жакшымын. Менде тажик элине болгон терс оюм жок. Элдин ичинде жакшы-жаманы бар, баарын жаман деген туура эмес. Мамилени кошуна менен куруш керек. Такыр алар менен мамилени үзүп салсак да болбойт. Адамдардын чыгып алып, андай-мындай болду дегени туура эмес, ар ким өзүнүн ишин кылышы керек”, - деп Расулова сөзүн жыйынтыктады.

Нет описания.

Белгилей кетсек, Мархабо Расулова башка мугалим, балдар менен бирге 27-майдан 6-июнга чейин “Жетиген” лагеринде реабилитациядан өтүп, бүгүн кичи мекенине кайтып кетти.

Пикир

Оставить комментарий