• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ эскертет: Жакынкы күндөрдөгү аба-ырайы

Коом 0

Бишкек, 09.03.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги эскертет: 2019-жылдын 9-мартынан 11-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңуу коркунучу төмөнкү жол аралыктарында сакталат:

- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

- Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

- Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында,

- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында,

- Арал-Суусамыр 8-21 чакырымдарында.

Жолдогу бара жаткан унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем эмес болуп сакталуусун эске алыш керек.

Пикир

Оставить комментарий