• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Округдук шайлоо штабы: ЖКга кайра шайлоо өткөрүүгө даярдык талкууланды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 27-февралына пландаштырылган Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча ЖКнын депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб жыйыны Биринчи май акимчилигинин имаратында район башчысы Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында өттү.

Биринчи май администрациялык районунан кабарлашкандай, жыйынга шаардык мекеме-ишканалардын жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Штабдын мүчөлөрү шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына өз убагында көмөк көрсөтүү маселесин талкуулашты.

Жыйынтыгында УШКларды үзгүлтүксүз электр энергиясы, интернет, антисептик каражаттары менен камсыз кылуу, өрт коопсуздугун, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түзүү, ал эми шаардык кызматтарга УШКларга тийиштүү аймактарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 60 участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган.

Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 0 (312) 62-11-61 ишеним телефону менен кайрылууга, ал эми 0999312666 WhatsApp номуруна саат 09:00дөн 18:00гө чейин сүрөт жана видеолорду жөнөтсөңүздөр болот.

КР БШКнын тынымсыз байланыш телефону: 1255; 0(312) 66-02-40.

Пикир

Оставить комментарий