• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Октябрь айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасына 3,5 млрд сом сарпталды

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Октябрь айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасына 3 млрд 534,3 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, КР мыйзамдарына ылайык маалымат алуу чектелүү болгон чыгымдардан тышкары, октябрь айында республикалык бюджеттин чыгашалары 10 млрд 249,2 млн сомду түзгөн.

“Алардын ичинен 3 млрд 534,3 млн сом бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык акыларын, 818,2 млн сом калкка социалдык колдоо боюнча жөлөкпул жана 57,7 млн сом социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды. Калган каражаттар бюджеттин артыкчылыктуу багыттары боюнча чыгымдалды”, - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий