• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Октябрь айында медиктерге 145 млн сомдон ашык каражатка кенемте төлөнүп берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2020-жылдын октябрь айына карата медициналык кызматкерлерге 145 млн 613,4 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, октябрь айында COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан 7 миң 722 медициналык кызматкер компенсация алышат.

Бишкекте 14 саламаттыкты сактоо уюмунун 1 миң 636 кызматкери тартылган. Компенсациянын суммасы 35 млн 165 миң сомду түздү.

Чүй облусу боюнча 25 саламаттыкты сактоо мекемесинин 724 кызматкери 10 млн 125,1 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Ош облусу боюнча 58 саламаттыкты сактоо мекемесинин 2 миң 68 кызматкери 41 млн 966,8 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Баткен облусу боюнча 14 саламаттыкты сактоо мекемесинин 876 медициналык кызматкери 15 млн 856,1 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Жалал-Абад облусу боюнча 26 саламаттыкты сактоо мекемесинин 1 миң 287 медициналык кызматкери 24 млн 686,0 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Ысык-Көл облусу боюнча 15 саламаттыкты сактоо мекемесинин 601 медициналык кызматкери 9 млн 653,8 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Нарын облусу боюнча 6 саламаттыкты сактоо мекемесинин 175 медициналык кызматкери 2 млн 885,5 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Талас облусунда 9 саламаттыкты сактоо мекемесинин 355 медициналык кызматкери 5 млн 275,1 миң сом өлчөмүндө компенсация алышат.

Өкмөт сентябрь айында коронавирус менен күрөшүүгө катышкан медкызматкерлерге кенемте төлөмөө үчүн республикалык бюджеттен ММКФга 540 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигине 100 млн сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий