• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилди

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. 2020-жылдын октябрь окуяларында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү – атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолугушту.

Садыр Жапаров жаш жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи.

undefined

"Президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек шаарынын мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе борбордук мэриянын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады. Мамлекет башчысынын бул тууралуу жакында эле маалыматы болуп, аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган жана бүгүнкү күндө бардык маселелер чечилген. Ал Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жаш жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий